КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖУМАЛЫГЫ

 

           2015-2016-окуу жылында мектебибизде 7-декабрдан 12-декабрга  чейин  кыргыз тилинин  жумалыгына карата  өткөрүлүүчү  бир  жумалык  иш-чара  жарыяланды.

          Жумалыктын ачылышында мектептин фоеси кыргыздын улуттук буюмдары жана тил жөнүндө учкул сөздөр, сүрөттөр илинип, кыргыздын каада-салтын колдонуп, окуу бөлүм башчысы Эльмира эже жана кыргыз тили мугалимдери атайын даярдалган кыргызды даңазалаган слайдды, музыканын коштоосу менен коюп, боорсок, сары май менен мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди жагымдуу маанай менен тосуп алды. Даам сызгандан кийин ар бир мугалим жана ата-энелер, окуучулар макалдарды, кыргыздын улуттук оюндарын айтып кубандырышты. Мындан сырткары түшкү тамактан кийин окуучуларга жана мектеп жамаатына мектептин фоесине “Байчечекей” бийи 1-класстарынын кыздары бийлешип, “Манас” эпосунан 3-класстарынын окуучулары айтып, аны менен бирге кыргыздын улуттук оюндары болгон “Топ таш”, ”Аркан тартмай” оюндары 5-класстары тарабынан коштолуп,аягында кыргыз бийи кара жорго менен жыйынтыкталды.

          Ошону менен бирге бул иш - чарада кыргыз тилин даңазалоо максатында 1- 6 класстар арасында дубал газеталар жана сүрөттөр чыгарылып, мектептин ар бир кабатына илинди жана ар бир класс ырларды, макалдарды, жаңылмачтарды жатташты. Мындан тышкары  бир жумалык иш- чаранын негизинде кыргыз элинин улуттук боз үйүн,ат жабдыктарын жана улуттук музыкалык аспаптарын даңазалоо жана таанытуу максатында 6-класстар арасында долбоор жактоо болуп өттү. Ал эми 5-6-класстар арасында болсо, видео конкурс уюштурулуп, анда өздөрүнүн кыргыз тилине болгон сүйүүсүн жана аны кантип өнүктүрүүнү так, таамай чагылдырып бере алышты. Бул видео сынакта 5-класстары эң жогорку деңгээлде даярданып келишип, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Бул иш чаранын негизги максаты: биринчиден кыргыз элинин улуттук буюмдарын даңазалоо, таанытуу жана жайылтуу. Экинчи жагынан окуучуларды долбоор жактоого жана видео тартууга тарбиялоо жана үйрөтүү, ошону менен бирге сахнада өз оюн так айтууга, тыкандыкка, лидерликке көндүрүү. Үчүнчүдөн коомдо өзүн маданияттуу алып жүрүүгө, эмгек кылууга жана  ар ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга калыптандыруу. Бул долбоордун  ийгиликтүү өтүшүнө кыргыз тилчи мугалимдери жана класс жетекчилер, ассистенттер көзөмөл кылды. Дагы баса белгилей кетчү нерсе “ Улут болсом тилим менен улутмун” аттуу 2-6-класстардын окуучулары менен биргеликте даярдалган жыйынтыктоочу концерт даярдалды. Окуучулар бул концертти тил билбеген окуучунун образы менен сахналаштырып ачышып, кыргыз элинин ырларын ырдашып, ” Манас” эпосунан үзүндү айтышып, Эсенгул Ибраимовдун тил жөнүндө ырынан көркөм окушуп, акыйнек, макал-лакаптарды айтышып, өздөрүнүн таланттарын көрүүчүлөргө тартуулашты. Ошону менен бирге улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүнө туш келгендиктен 6-класстары “Кылым карытар бир күн” чыгармасындагы “Манкурттун” образын сахналаштырып беришти жана алп акыныбыз А.Осмоновдун 100-жылдыгына карата 5-класстары анын ырларын көркөм окуп беришти.

          Ал эми "Себат" тарабынан атайын даярдалып келген "Акыл ордо" таймашы 5-6-класстар арасында болуп өттү.Бул таймаш улуу Ч.Айтматовдун элесине арналды. Акыл ордо таймашын мектептин тарбия завучу Эшалиева Аида өткөрдү.

          Жуманын аягында мектеп жетекчилиги тарабынан салтанаттуу жыйын болуп, анда бир жума бою өткөрүлгөн иш чарага активдүү катышкан окуучуларга белектер  берилди.           

          Кыргыз тили жумалыгы бир гана окуучулар менен гана өтүлбөстөн мугалимдер жана аталар ортосунда да кыргыздын байыркы оюну болгон “Сармерден”  мектептин жыйын залында болуп өттү. Биздин мугалимдер жана аталарыбыз өздөрүнүн көмүскөдө катылып жаткан өнөрлөрүн ачып көрсөтүштү. Бул иш-чарага кыргыз тилинин методисти Султангазиева Гүльнара эже келип катышып кетти. “Сармерден”оюну залда отурган көрүүчүлөргө абдан жагып, кызыктуу болду. Оюндун аягында мектеп жетекчилиги “Сармерден” оюнуна активдүү катышкан аталарыбызды мектептин мактоо баракчасы менен сыйлашты. Бир аз болсо да мугалимдерге жана ата-энелерге жагымдуу маанай тартуулап, иштериндеги бир аз жүктү жеңилдеткендей болдук окшойт. Ушуну менен бир жума ичинде белгиленген жумалык аяктады.

joomlamodniyportal.ru

  

Биздин Дарек

Кыргыз Республикасы,

Бишкек ш., Тунгуч кичи району
Анкара көчөсү 1/8 
Тел: (0312) 44-92-52; (0312) 312 44-93-04
Факс: (312) 312 44-92-84